www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кечээ, 20-январда парламентте «жарандарды эшелондоп чет өлкөгө кетирүү керек» деген сөзү боюнча бүгүн түшүндүрмө берди.

«Менин парламентте сүйлөгөн сөзүмдү адамдар туура эмес кабыл алып жатышат», - дейт депутат Акылбек Жапаров.

«Эшелон деген бир нерсе удаа-удаа кетсе ошону эшелон деп коет. Бул термин негизинен аскер кызматында көп колдонулат. Мен өзүм сураштырып чыктым. Мисалы, 10 чакты вагон менен бир курам кетип жатыптыр. Ошондо 2-3 курамды удаа-удаа жиберсек бул – эшелон болуп калат. Мен айткан термин мына ушундан келип чыккан. Муну эл жакшы түшүнбөй калганбы билбейм.

Эске салсам, былтыр пандемия учурунда жумушсуз калган жарандардын бардыгын автобус, самолет, поезддер менен ташып алганбыз. Бирок, ошол мезгилде мен жумушка жарамдуу жарандар Кыргызстанга келбей эле, ошол жерде жашап турсун, анткени, биздин өлкөдө жумуш орундары жок деп эскертип айткам. Андан көрө Орусиядан карыз алып, мигранттардын батирлерин төлөөгө жумшайлы деген сунуш да киргизгенмин ошол мезгилде. Тилекке каршы, Өкмөт «бөлөк элде жүргөнчө Кыргызстанга келе берсин» деп алдырып алган», - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости