www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинада мыкаачылык менен кордолгон жаш ымыркай табылды. Бул тууралуу британиялык “Daily Mail” гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кордолгон ымыркайды көчөдөн эркек киши тапкан. Ошондой эле, баланын далысына бычак сайылып, баштыкка оролгон бойдон ыргытылган.

Ымыркай медициналык тез жардамдан аман-эсен өткөнү белгиленди.

Кошумчалай кетсек, 31 жаштагы дене тарбия инструктору Диего Себастьян Пенайо ымыркайдын жанынан өтүп бара жатканда, кыз ыйлай баштаган, ал аны ооруканага алып барган.

"Ал ымыркайдын төрөлгөнүнө эки гана күн болгон. Ошол эле учурда, анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон, бирок алардын бири дагы ички органдарга тийген эмес. Ымыркайга “Үмүт” дегенди билдирген Эсперанса деп ысым коюшкан"- деп айтылат маалыматта.

Баланын энесинин өздүгү аныкталып, камакка алынган. Аял кыз төрөп, ооруканадан чыгып кеткени такталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости