www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыгы менен аты Ала-Тоого угулуп, кээ бирөөнөн бир жарым миллион доллар алып төлөбөй жүргөн Чодуев тууралуу сөз болмокчу. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Чодуевдей ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Чодуевди безге сайып тынчтык бербей жатабы? Атамбаев  учурунда Чодуевдин бийик кызматтарга жетишинин  себеби каякта? Эл билбейт дейт көрүнөт. Эл баарын байкап, билип турат. Андан да бир кызык нерсе, Чодуев Жалал-Абад обулусунда пахта иштетем деп бир жарым миллион долларды эмне себептен жеп койду эле? Көрсө, Чодуев Жалал-Абаддагы өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган экен. Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса түндүктөн түшчү Чодуев не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Бирөөнүн таза эмгегин жеген адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин чоту тескери иштегенинен, азыркы учурда азык –түлүк эсеп –чотсуз өсө баштады. Араванда капуста 1 сомго да бааланбай акыр-чикирге ташталып жатса, башка жерлерде капустадан көзү өткөндөр толтура.  Капустаны деле көчөнүн башына алып барып элге таратып койсо жакшы болмок. Азыр ар бирибиз эл үчүн жашап, эл үчүн иштешибиз керек. Эмне үчүн дыйкандын эмгеги бааланбай жатат? Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев баш болуп Жер -Энеге мээрим төгүп, асыроону биринчи ойлобостон эгин эгип, көчөт отургузаарда пайда табууну көздөйт. Эми акча, байлык, бийлик да парламенттик шайлоого байланыштуу болуп калды. Муну туура түшүнгөн Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев башын ары –бери буруп партия издөөдө. Элди ким ойлойт?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости