www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлдү.бул туурасында  ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кеңеш ЕАЭБдин интеграция жана өнүгүү маселелерин талкуулоо аянтчасы катары түзүлгөн. Президиумдун курамына ЕЭК министрлери, биримдикке кирген өлкөлөрдүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ошондой эле улуттук илимдер академиясынын башчылары кирген. Кеңеш инновациялык долбоорлорду түзөрү пландалууда.

ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБдин ийгилигине илимий тармак түздөн-түз таасир этерин белгилеген.

"Илим жана техника жаатындагы аракеттерди инновациялык ишмердүүлүк жана пилоттук долбоорлордон баштоо керек. Илим — деңиз, чыныгы экономика — катуу, кургак нерсе. Ал эми академиялык жана илимий билим берүү — кеменин ролунда. Мына ошондуктан бизге илим жана чыныгы экономиканын биригишин камсыз кылган инновациялык инфраструктура керек", — деп билдирет төрага Михаил  Мясникович.

Президиумдун мүчөлөрү эксперттик топтун курамын жактырып, евразиялык интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости