www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августтан тарта Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамды жандандырды.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынын ортосунда чартердик рейстер бар.

Азыркы учурда, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда үзгүлтүксүз каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, 14-сентябрдан тарта Өзбекстан менен аба каттамы жанданат. Ташкентке учактар дүйшөмбү күнү учат. 17-сентябрдан баштап Казакстан менен учактар ​​жумасына эки жолу каттайт.

2020-жылдын 10-августунан баштап төмөнкү каттамдар боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жүрөт:

“Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы;

Бишкек – ​​Стамбул – Бишкек – ​​жумасына 2 жолу.
Бишкек – ​​Анталия – Бишкек – ​​жумасына бир жолу.

 “Түркиялык авиалинии” авиакомпаниясы;

Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул каттамы боюнча – жумасына 4 жолу.

 “Пегасус Эйрлайнс” авиакомпаниясы;

Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул каттамы боюнча – жумасына 4 жолу.
Анталия – Бишкек – ​​Анталия каттамы боюнча – жумасына бир жолу.

“Флай Дубай” авиакомпаниясы;

Дубай – Бишкек – ​​Дубай каттамы боюнча – жумасына 3 жолу.

 “Эйр Арабия”авиакомпаниясы;

Шарджа – Бишкек – ​​Шарджа маршруту боюнча – жумасына бир жолу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости