www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу туугандар ! Өткөн жумадан бери Почта Россииде иштеген мекендештердин тегерегинде көп талаш-тартыштар болуп жатат. Талаш тартыштар көп болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу кайрылууга туура келип жатат!
Адам сатуу, кулчулук фактылары бар же жок деп ар кандай божомолдорду ортого салып ар бир мекендештерибиз ойлорун ачык айтып жатышат. Албетте баарыңыздар сарсанаа болуп жердештериңиздер үчүн күйүп жатасыздар, бул менимче жакшы көрүнүш, кайдыгер болуп четте карабай санааркап, күйүп жатасыздар. Биз ошол өтө оор маалымат тараганына байланыштуу мамлекеттик кызмат өкүлдөрү, Москва полициясы менен биргеликте атайын барып көрүп келдик.
Эң биринчиден дагы бир жолу айта кетсек, “170 адам кулчулукта” деген жана ошондой эле кулчулук фактысы такталган жок. Эч ким бирөөнүн эркин ажыратып, мажбурлап иштеткен жок.
Айта кетсек Почта России Федералдык мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Ал жер Оруссиянын атайын кызматтары катуу көзөмөлгө алган мекеме. Жүздөгөн Өзбекстан, Таджикистан, Кыргызстандан келген мигранттар ар кандай шарттар менен эмгектенишет экен. Жумуш жеңил эмес, жаткан, жашаган жерлери ойдогудай, биз каалагандай эмес. Тилекке каршы Россияда иштеп эмгектенип жүрүшкөн мекендештердин көбүнүн жашоо шарты ойдогудай эмес. Айла жоктон үй-бүлөөсүн , бала -чакасын багуу максатында чет жерге келип 10 миңби 100 миңби эн негизгиси адал эмгек менен жан сактап жатышат. Биздин ишибизге байланыштуу ушуга чейин мекендештерибиздин ар кандай жашоо шартын ичинен өз көзүбүз менен көрүп келебиз. Жакшы жетишип жашагандары бар, орто жашагандары бар, жер төлөдө ( подвал ) кыйын абалда жашагандары бар, бир бөлмөдө 15-20 адам жашагандарды да көрүп жүрөбүз. Ошонун баарына чыдап эмгектенип акча чогултуп айылында үй салып, мал жандуу болгондор жок эмес.
Тескерисинче Россияда акча жаап жатыптыр, барсаң эле Орусияда эшигин ачып алып иш менен камсыз кылып жатыптыр, келе калып пачкалап акча таап кайра кетип калам деп келгендер да жок эмес. Келип алып күндүзү уктап, түнкүсүн жортуп өз мекендештерине зордук-зомбулук көргөзүп, тоноп акча таап байып, жан сактайм дегендер да бар арабызда. Бири-бирин алдагандар, уурдагандар, зордуктагандар!!! Өз жеринде жүрүп жаман иш кылса да көп билинбей калышы мүмкүн, бирок башка элдин жеринде жүрүп терс иш жасагандардыкы жалпы элдин жүзүнө көө жабат экен. Ар кандай уюм, коомдорду түзүп бири-бирине жардам көргөзүп коомчулука зор пайдасын алып келип жаткан мекендештерибиз дагы көп деп айтсам жаңылбайт болушум керек. Француз жазуучусу Анатоль Франс айткандай, "Ашынган индивидуализм коомго коркунуч туудурат" дегендей тилеке каршы арабызда аша чаап ашынгандар да жок эмес. Деги кайсы бирин айтайын!
Эми Почта России нин тегерегиндеги болуп жаткан маселе боюнча токтоло кетсек. "Жүз мугалимден жалгыз ата артык" - дегендей, жүз адам болсо жүз ой болот экен, мына кечээтен бери биз Почта России ишканасында кулчулук фактысы жок экен деген расмий маалымат жазган постко ондогон, жүздөгөн ойлор, каалоо-тилектер, божомолдор, эксперттик тыянактар айтылды.
Албетте ал жерде сонун жумуш, жеңил жумуш, мекендештер жыргал жашоодо жыргап куунап жашап жатат дегенден алыспыз. “Жумушу оор экен, 12 сааттан иштейбиз, эмгек акылары 10 күнгө чейин кармалат, башка улуттар менен ортодо түшүнбөстүк мамилелер болот, бригадирлер кээде орой мамиле кылат” дейт. Кыргызстандан “жумуш деп” алып келээрде, “жумушуңар жеңил, жөн эле олтуруп алып кичинекей кутучаларды ары бери ыргытып, каалаган убагында тамеки чегип(перекур), жашаган жериңер 5 жылдыз болбосо да, жылдызы бар мейманкана, иштен кийин бассейнге ары бери чабак уруп эс аласыңар деп алдап коюшту”, деген да сөздөрдү уктук.
Биз барганда атайын полиция кызматкери менен кошо бардык. Москва аймагынын Шарапова айылчасында жайгашкан ири ишкана экен. Коопсуздук кызматы, жетекчилигин чакырды. Кең далылуу 50 жашка чукулдап калган орус улутундагы адам чыгып мени көрөөрү менен “ эле силер келдинерби, даагы эмне болуп кетти” деп колундагы рациясы менен дагы 2-3 кызматкерлерин чакырды. “Силер ушу менен төртүнчү жолу келип жатасыңар, силердин жарандар тынч иштейби деги” деп , телефон аркылуу ошол кыргыз жарандарын келишим менен жумушка орноштурган “Клининг” компаниясынын жетекчилигин тез арада чакырды. Алар келген соң жердештер жаткан жатаканага барып 20 дай адамдарды уктап эс алып жаткан жеринен ойготуп маектештик. Андан соң иштеп жаткандарды 15-20 чактысы сыртка чыгып биз менен маектешти. Жогоруда көрсөтүлгөндөй арыз муундарын , каалоо-тилектерин айтышты. Кулчулук, адамды эркинен ажыратуу фактылары жок экенин көргөн соң, расмий билдирүү тараттык. Эгерде кимде мекендештерине жардам берем, ошол жерден алып кетип жакшы иш менен камсыз кылам, жатаканасын камсыздап берем дегендер болсо албетте сонун болмок. Бирок ушундай ызы-чуу кыла берип ошо 70-80 жердештерди иштен кетирип салса, алардын убалы кимде болот!? Ал жерде иштегендердин көбү тил билбейт, билими жок экен. Анан мекендештер талаада калды, “элдер келгиле акча чогултуп жардам берели” деп пост жазабызбы, же болбосо мына элчилик иштебейт 70-80 мекендештер көчөдө калды деп кыйкырып чыгабызбы?
"Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл бүтөт" - дегендей , ар кандай такталбаган маалымат, ушак, божомолдорго ишенип дүрбөлөңгө түшпөөүздөрдү суранабыз.
Урматтуу бир туугандар! Келиниздер андан көрө ынтымакта, биримдикте башка эл, башка жердин мыйзамын сыйлап, бири - бирибизди урматтап Улуу Кыргыз деген улутубузду жакшы жагынан көрсөтүп, башкаларга үлгү бололу.
Сиздерди урматтоом менен Аскат Алиев
PS: Мындай пикирин КР ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев өзүн Фейсбук баракчасына жазып калтырды. Эске сала кетсек, Москвадагы Мекендештер Москва шаарынын Шарапова көчөсүндө 1-үйдөгү Почта Россия бөлүмүндө 170 ге жакын кыргыз мекендештерибизди, бир топ айдан бери айлыгын албай, белгисиз адамдын колунда кармалып турганын тасма аркылуу кабарлаган эле. Бул боюнча маалыматты жеринен кабар алган Аскат Алиев жокко чыгарды.
Булак: NazarNews.kg