www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта коомчулук арасында, "КСДПдан мураскер ким болот экен?", дешип Ак үй  тарапка кулак түргөндөр көбөйдү. Ар кимдин оозунда Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Сапар Исаковдун талапкерлиги айтылып баштаган.

Ал тургай Орусия президенти Владимир Путин расмий визитинде Сапар Исаковду далыга таптагандан кийин, “Сапар президент болот экен” деп аңыз кеп Кыргызстандын аймактарына желдей тараган.

Бул сөз басаңдай түшкөндөн кийин кайрадан, “КСДП кайсы талапкерге токтолот?”, дешип көпчүлүк кулак түрүп, чыдамсыздык менен күтүшкөнү баарыбызга маалым.

Бизге жеткен Ак үй тараптагы ишенимдүү булактарга караганда мураскерликке тар чөйрөдө Сокенин талапкерлиги тандалган. Соке ким? – дейсизби. Айтылуу азыркы Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жакын арада КСДПдан президенттик тактыга ат салышат.

Баса, Соке мырзаны жактырбай, угузбастан мурдун чүйрүп, “ушул да талапкерби?” дегендер арасында бар экенин айтпай кетүүгө болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости