www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков, Иса Өмүркулов жана Сооронбай Жээнбеков бул үчөө ал кишини аргасыз тандаган акркы кадамы болуп, ажо талашка тандала тургандары. Тандаса ушул үчөөөнүн бирөөсүн тандайт, сыягы. Сайкал энебиз айтмакчы Сапардын жүлүнү бош. Мунун барганы башкаларга "балашка" эле болот.

Иса КСДПнын ырааттуу көрүнгөн көзгө басары болгону менен бийликтин күчү менен "муунтулуп" турган бир далай былык иштери бар. Ал азырынча шайлоого барбай эле, жайлоого бара турса болот. 
Атамбаев үчүн тактыны талашып турган түштүк тараптын азаматтарына берип жанын сактап калуу вазийпасы баарынан биринчи орунда турат.

Андыктан ал ишенимди Сооронбай акебиз актайбы деген ойдо, менимче. Калгандарына ишеним арта бербейт. Анын үстүнө Иса менен Сапар мырзалар элдик колдоо табаары күмөн. Мындай чоң шайлоонун тагдырын кыргыз элинин түштүк аймагы чечип коеру да жалган эмес. Сооронбай акебизди атказып алса, түштүк аймагыбыздын бир топ азаматтарын анын жанына байлап, ооздорун олчойгон убадалар менен майлап бергенге бийликте бир топ шарттар бар. Керек болсо, шайлоодо 4 атаандаш боло, алар Сариев, Төрөбаев, Бабанов анан КСДПнын бир кыйыны деген прогнозду анализдеп алышса, анда Ташиев, Келдибеков, Мадумаров сыяктуу азаматтарды Сооронбай акенин жанынан созултуп көрүп кылышыбыз деле мүмкүн.

Буга дегеле макул болбойт дегенибиз менен, ал жакта элдин талабы күч, "ээй, акеңерди колдогула" деп чайханадан эле чалдар анан балдар эле чечип коет. Эл менен элсиң да кайда барат элең. Ал эми тигил үчөөсү да жөн жатпайт, "эски малдын көзүндөй кылып, качанга чейин булар, бул Атамбаевдин мураскери, эгер анын иштерин улантуучусу болсун десеңер шайлагыла" дегенге дейре барат. Шайы ошол "мураскерликтен" оой түшүшү мүмкүн.

"Шайлоо таза өтөт, өз добушубузду уурдатпай сактап калууга мүмкүндүк бар" деген менен адмнистративдик ресурсту колдонот деген кооптонуу бар. Эгер эле "колдонуп" жибербесе, ырааттуу чуркап, саясий саяпкерликтин элегине эленип, мурункусунан айрымалана алган, келечек жашоонун туу чокусун куру убада кылып эмес, көз караштагы орток жашонун чыныгы үлгүсүн көрсөтө алган дымактуу үчөөсүнүн бирөөсүнө буйруп калаары ажеп эмес. Кыскасы, КСДП кимди көрсөтөөрү кызык болуп туру...

Күнболот Момоконов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости