www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аябай агрессивдүү элбиз э? Бир жаш жигит ырдай калган экен тепкиге алып жатабыз. Ар ким кыялындагыны кылганга укуктуу. Адам кыймыл аракети менен коомчулукка зыян алып келбегенден кийин аны жек көрүүнүн кажети жок. 

Ал жеке кыялындагы өзүнө таандык каалоосун ыр аркылуу тартуулаган үчүн, ырдын курамында адекватсыз терминдер болбогондон кийин эмне мынча талкууладыңар? Ырчынын түрү бар. Анан антип жазалабайт сөз тепкиге алып. Ырын укпай койгула. А тиги албарстылар го талкуулаганга жатат. Уятсыз саптар бар.  Тиги жигит чын эле Бабановду президент катары көргүсү келген тилеги бардыр. Башка саясий лидерлерди деле мактап колдоп жаткандарга башкалар шылдың айтса - бул маданияттуулукпу?

Эң оор жаза - ырын укпай койгула. Эң оор жаза - өзүңөрдүн татыктуу деп ойлогон талапкериңерге ал ырдан мыктырак кылып ыр чыгарыла. Маданияттуу атаандаштыкты көрсөткүлө.  Мүлжүшүп, тытышып, чукулашып жүрүп тапканыбыз ушул. Саясий маданият дагы деле өнүккөн жок. Мүмкүнчүлүктөрдүн атаандаштыгы эмес - чукулашуулардын атаандаштыгы жүрүп жатат. Бирөө чукуганда сөөмөйүн салса, беркиси билегине чейин. 

2017-жылда тандалчу президент деле элдин пейлине жараша болот. Саясатчыларды эле кечке сындабай өзүбүздү да кээде пейлибизди оңдогонго аракет кылып, ынтымак эл бололучу. Кудай ошондо ырыскы берет. Ким президент болушун бир ырчы чечпейт, эл тандайт. Атамбаевге эптеп чыдасак ал деле кетет деп койбоймбу акырында" - деген пикирин журналист Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Эске сала кетсек, ЖК депутаты, фракция лидери Өмүрбек Бабановго арналып ырдалган ыр социалдык тармактарда бир топ сынга алынган. Кыска убакыттын аралыгында эле Өмүрбек Бабановду сындаган ыр социалдык тармактарда таркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости