www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу бизнестеги таттуу түгөйлөрдүн катарын толуктаган ырчы Аскат Мусабеков менен кыл-кыякчы Залина Касымова көпчүлүк үчүн үлгүлүү үй-бүлө эле. Бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан түгөйлөрдүн ортосун кайсы кара мышык аралаганы белгисиз, мындан эки жыл мурун эл оозунда бул үй-бүлөнүн очогу тутанбай калгандыгы тууралуу көп кептер айтылган.

Бул тууралуу Аскат: “Ким менен жашайм? Ажырашамбы же жокпу? Бул туурасында ооз ачпайм” деп десе, Залина комментарий берүүдөн баш тартып кутулат. Бирок, биз жакында эле болуп өткөн иш чаралардын биринен түгөйлөрдү бирге жетелешип, балдары менен жүрүшкөнүн көрүп калдык. Кыязы, Аскат менен Залинанын ортосундагы таарынычтар жазылган окшойт...

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости