www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешинин депутаттары Улугбек Ормонов менен Дүйшөн Төрөкулов Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте аталган шаардын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаардыктар миграция, жол кырсыктары, жумушсуздук, айлык акынын аздыгы сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүшүп, жалгыз бой энелерге жана майыптарга берилүүчү жөлөк пул көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти.
Жогорку Кеӊештеги жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берген депутаттар, парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттары жол кырсыктарын алдын алуу максатында, ичкилик ичип кармалган айдоочуларды, айдоочулук күбөлүктөн такыр эле ажыратууну сунуштап жатышканын да кошумчалашты.
Андан сырткары, дыйкандарга жерлерин күрөөгө коюп, кредит алууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкенин жана башка ушул сыяктуу бир топ маселелерди көтөрүп, бир жыл ичинде өткөн 37 жыйында 26 мыйзамды карап, 16 мыйзам сунуш кылышканын, айрыкча фракциянын депутаттары 170 мыйзамга демилгечилерден болушканын айтып өтүштү. Алсак, акыркы учурларда жаштар менен байланышкан кылмыштуулук күчөп, ар кандай уюмдарга кирип, терс көрүнүштөр көп болуп жаткандыктан, жаштарды спортко тартуу үчүн ушул багытта мыйзам долбоору даярдалып жатканын белгилешти.
Булак: NazarNews.kg