www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жаткандыгын, УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган эле.

Учурда экс-президенттин иниси Жээнбековдун тарапташтары митингке чыгышты. Активист Урмат Акунов, "Асылбек Жээнбековдун Кумтөргө тийешеси жок экендигин айтып, соттон адилеттүүлүктү талап кылабыз" дейт.

 --Азыр биз 1-Май райондук сотунун алдында турабыз. Кумтөр боюнча күнөөкөрлөрдү алып келишти. Бул жерде тандалма же көрөлбастык менен маселе каралбашы керек. Эгерде мыйзамсыз байыган болсо көптөгөн депутаттарды бийлик камашы керек. Ошондой эле Кумтөрдүн төрагасы болуп жүргөн Акылбек Жапаров дагы сот жообуна тартылыш керек.   Жээнбековдун Кумтөр боюнча күбө катары күнөөлөнүшү туура эмес. Асылбек Жээнбековдун Кумтөргө тийешеси жок. Азыр анын тарапташтары адилеттүү тергөө жүрүп, сот акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып турабыз, - деди Акунов.

Эске сала кетсек, Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

УКМК бүгүн, 31-майда "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу бир нече мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди тузакка илди. КР мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов камалды.

Буга чейин Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости