www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Баткен” бажысынын кызматкерлери Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Баткен-Ош-Исфана” автоунаа жолунда “Н.Н.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ВОЛЬВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 21902 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын жалпы баасы 1801725 сомду түзөт. Ошондой эле, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын аймагында “К.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “MAN” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 17260 кг., болгон 432 кап (мешков) кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604800 сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,
матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости