www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы тутанган чыр Бишкектеги “Азаттык” радиосунун бюросунда өткөн советтик майрам 23-февралды майрамдагандыгы редакциянын демократиялык миссиясынан чыккандыгынан дагы бир ирет кабар берет. Көрсө, офистеги жайыл дасторкон, өлкөнүн четиндеги пикниктер салт болуп калган тура. “Азаттыктын” Прагадагы директору Венера Жуматаева  кандай иш-чара болбосун Кыргызстанга жылына 3-4 жолу келип, кеткен. Ал тургай бир ирет Жуматаева үчүн оркестрлердин тобу да чакырылган.

Америкадагы “Азаттык” радиосунун президенттик аппаратынын жетекчиси Кристина Фецке 2015-жылы Фейсбуктагы баракчасына жумуш ордунда алкоголдук ичимдиктерди ичүү гана эмес, аны жумуш ордунда сактоого да тыюу салган буйрук чыгарган. Бирок сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, алар мыйзам боюнча эмес, түшүнүк боюнча жашагандыгы анык болду.

Аны менен бирге Азаттык радиосу апта сайын Кыргызстандагы  кедей жана жакыр жашагандар жөнүндө репортаж даярдайт.

Бирок "Азаттыктын" кызматкерлери өздөрү 8-март, Жаңы жыл ж. б. майрамдарда оркестр чакырышат. Мындай жорук адеп-ахлаксыздык жана бери дегенде өз угармандарын сыйлабоо болуп саналат.

Негизи Азаттыктын журналисттеринин баракчаларын карап көрсөк 2019-жылдагы советтик аскердик майрам- 23-февралды майрамдашкандыгын байкоого болот. Офисте шарлар илинип, “ичкенден” кийин кызматкерлер алы кетип отуруп калышса, алардын фонунда “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева селфи кылган.

Мен сыйлаган Өмүрбек Абдыракман Америка радиосун советтик майрамдарды пропагандалоо керек эмес экендигин айтып, жемелеген эле. Ага жооп иретинде  “Азаттыктын” мурдагы директору жана азыркы фрилансери, өзүнүн мурдагы сырттан окуган студенти Венера Жуматаеванын камкорчусу  Тынчтыкбек Чоротегин кыянат кыла жаздаган. Өзүнө мүнөздүү болгон демогогиясында Чоротегин алар Америкадан айлык маяна алса да, бирок алар паспорту, руху боюнча кыргызстандыктар экендигин жана кыргыз элине жакын болгон бардык майрамдарды белгилеп келишкендигин, дагы да белгилей беришерин айтып: “АКШнын акчасын тим эле өзүңүз жеке басмаканаңыздан жеке акчаңызга чыгарып жаткандай "күйүп" айтасыз го”,-деген болчу.

Чоротегиндин шашылыш постуна “Азаттыктын” көптөгөн кызматкерлери жакты белгисин басышкан, анын ичинде сүрөттүн каарманы Аида Касмалиева да бар болчу. Ооба, дал ошол “Азаттыктагы” батыш журналистикасынын принциптерин бузгандарды сындап, эл алдында “ит", “билими начар” деп ат койгон Аида Касмалиева. Акыркы эпитетти мафиоздук ишмердүүлүк боюнча парламенттеги комиссиянын отурумунда айткан эле.

Бул көйгөйдү “Азаттык” көтөрүп чыккан. Өз иликтөөлөрүндө Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун шектүү деп эсептелген ишмердүүлүгүнүн айрым учурларын далилдей алышты. Күнөлүүлөр жазасын алышы жана жүздөгөн миллион долларлардын түшүндүрмөсүн табышы үчүн сотко ишти жеткирүү зарыл. Коррупцияны актап болбойт.

Жетекчилери бардык сындарды “душамандардын айла-амалы” деп атаган “Азаттыктагы” тууганчылыкты, саясий коррупцияны тактап алыш керек. Ушундай окуя Тынчтыкбек Чоротегин актаган “Азаттыктагы” Советтик армиянын күнүн майрамдоо боюнча сын-пикирлер менен да кайталанды.

Күтүүсүз чыккан “23-февраль” дискуссиясына башка активисттер да кошулуп, Чоротегинди катуу уялтышты. Активисттер сөз акча кимдин чөнтөгүнөн төлөнүп жаткандыгы жөнүндө эмес, сөз саясий табит маданияты боюнча жүрүп жаткандыгын айтышты. 

Кандай себеп болсо да мааракелерге ыклас коюу начардык жана түшүнүктүн тардыгы болуп эсептелет. Мурдагы колониалдык өлкөлөр тоталитардык өтмүштөн баш тартышат. Мисалы, Польшада, Прибалтика өлкөлөрүндө советтик символдорго тыюу да салынган. Бирок америкалык “Азаттык” суверендик Кыргызстанда майрамдарды кеңири  майрамдашып, социалдык тармактарда мактанышат. 

Учурда курсагы токтор, кымбат кийимчен социалдык тармактын колдонуучулары кошуналарын, классташтарын, жана “ийгиликсиз”, кедей жердештерин таң калтырып, ичин күйгүзгүсү келет. Карачы, менин жашоом жакшы, а сен учакта учпайсың, ресторанга барбайсың, маршруттук каттамда жүрүп, нан эле жеп жүрөсүң дешет. Ал эми Венера Жуматаева бой көтөрүп, жалпы кыргыз элин кантип жашоого, иштөөгө жана мамлекетти кантип куруу керектиги боюнча акыл үйрөтүүчү адаты бар эле. Бирок бул адаты өткөн жылдын жай айларына чейин анын тарбиячылык кумарынын бети ачылганга чейин гана уланды. Андан кийин Жуматаеванын “жели чыгып”, бош эместигине шылтап, Фейсбуктан такыр жок болуп кетти. Ошону менен бирге анын “Азаттыктагы” непотизмдик (жердештик, тууганчылдык) жоруктарынын да бети ачылды.

"Азаттыктын" редакциясынын менеджери болуп Ысык-Көл облусунун беш тургуну иштейт. Прага борбордук редакциясында иштей турган башка облусттун бир гана өкүлү болсо, калгандары Жуматаеванын жердештери, ичинде буга чейин журналистикада иштебегендери да бар.

Венера Жуматаевага кошомат кылбаган кесипкөйлөр, непотизмге каршы чыккандар, редакциянын саясатын өзгөрткөндөр “кемеден” түшүрүлгөн. Беш жетекчилердин баары аялдар болсо, анын үстүнө баары бир самоордон чай ичишкендер болсо, демек, “Азаттыкта” матриархат орноп кете жаздаган. Адамзаттын назик өкүлдөрүнө эч кандай каршылыгыбыз жок, бирок постсоветтик 8-март саясий  майрамды да америкалык “Азаттыктагы” эң маанилүү күнгө айлантуу болбойт.

Бирок редакцияда так ушундай болууда. Ал тургай “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна келген Жуматаева үчүн 8-мартка карата оркестр да чакыртышкан. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда колундагы шампан вокалын кармап турган Жуматаева жумуш күнү кызыган убакта магдыроо менен жылмайып музыканы угуп турган. Бул окуяны 2017-жылы “Азаттыктын” кызматкерлери виедого тартып, ал тарап кеткен.

Жетекчи уруксат берип жатса, оркестр да жагып жатса, ушундай эле майрамды 2017-жылы Жаңы жылга да карата уюштурушкан.  

Тагдырдын тамашасы менен 2017-жылы ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Азаттык” радиосун жалаа жапкандыкта айыптап, сотко берген жана “Азаттыкка” миллиондогон айып пул илинип турган эле. Буга редакция капалуу болуп, чыңалып турушу зарыл эле.  Бирок директрисанын жазгы келишине карата “чума учурундагы той” уюштурушкан. 

Кийинчерээк сандыктагы сыр ачылып, Атмабаевдин “Азаттыкты” сотко бергени сахналаштырылган көрүнүш болгон деген версия чыгып, Атамбаевдин администрациясы менен Жуматаева жашыруун кызматташууну чечишиптир. Ал эми “Азаттыктан” эң абройлуу журналист жана аналитик Айданбек Акмат уулу Атамбаевге макалалары жакпагандыгы үчүн жумуштан айдалган.

Аны менен бирге “Азаттык” сайты Атамбаевдин тегерегиндегилердин имиджин кайра тазалап, Атамбаевди 60 жылдык юбилейине карата мактап да жиберишкен.

Жуматаева 2018-жылы майда коллективинин чейрек бөлүгүн өзү менен бирге Ошко алып барган, напотизмге ылайык редакциядан эч ким каршы чыккан эмес.

“Азаттыктын” Москвадагы бюросу Ыраакы Чыгышка жол алыс болгондугу үчүн эмес, кызматтык этикадан, социалдык тармактагы “жакшы жашоонун атрибуттарын” мактанбагандыктан, тарбиясы ушундайча калыптангандыганан улам барбайт.

“Азаттык” материалдык жетишкендиги менен мактанат, жөнөкөйлүгү жок. Алар социалдык тармактарда көп тираж чыгарат, элитардык статусу бар, бирок чындыгында бул тарбиясыздык. АКШнын азыркы жараны Венера Жуматаева мурдагы мекенине тойго, 8-мартка жана Бишкектеги коллектив менен бирге Ошко баруу сыяктуу “алтын иш сапарлары” жумуш берүүчүнүн чөнтөгүнөн кетет. “Азаттыктын” кызматкерлеринин Фейсбуктагы сүрөттөрүнөн байкалгандай Венера Жуматаева жылына Кыргызстанга 3-4 ирет келип, кетет.

 Жуматаеванын өзүнө хандык түзүп алгандыгын кесипкөй журналисттерди жумуштан бошотуп, ал тургай кесиби журналист болбосо да жердеш болгондорду жумушка алгандыгынан жана сүрөттөрдөн байкоого болот.

Ысык-Көлдүк эски курбулар жана жердештер Бурулкан Саругулова жана Венера Жуматаева "Супара" этно-комплексинде.

Венера Жуматаева Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевден Көчмөндөр оюнун чагылдыргандыгы үчүн ыраазычылык кат алган. Ал учурда Жуматаева менен Атамбаев саясий келишимин жашырышып, “Азаттык” менен соттошуп жаткандай “спектакль” коюп жүргөн. Венера Жуматаева Кыргызстанга Көчмөндөр оюну имидждик, өкмөттүк иш-чара болгондуктан өзү иш-чарага келген сыяктуу. Мындан сырткары “Азаттык” радиосу региондор аралык спорттук мелдештин медиа-өнөктөшү болсо дагы “Азаттыктын” приоритети болгон эмес. Сүрөт “Азаттыктын” веб-сайтынан алынды, 2017-жыл 10-март.

Материал KYRGYZTODAY.KGден алынып, NazarNews.kg тарабынан  кыргызчаланды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости