www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-апрелде журналист Азият Жекшеев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Бишкек шаардык мэриясына нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, жаш бала бакчалардагы бөбөктөргө берилчү ысык тамакты тамак деп айтууга татыбайт.
«Мэриянын «уважаемый бандиттери»
Бишкектин бала бакчаларындагы балдарыбызды эмне менен тамактандырып жатасыңар? Бул сүрөт бүгүн Көк-Жарда жайгашкан №182 бала бакчада ата-энелер тарабынан тартылды. Итке бербеген тамакты кичинекей бөбөктөргө берип жатасыңар. Ата-энелердин кайрылуусуна аталган бала бакчанын жетекчиси кайра коркутуу менен чектелет. Балаңды чыгарып салам дегенге чейин барып. Анткени ишенгендери бар мэрияда!
Бир тууган иниси Казыбек Эргешов Бишкек шаардык кеңештин «Республика-Ата-Журт» партиясынын бүгүнкү күндөгү депутаты! Ал эми учурда кайрадан БШКга «Ынтымак» партиясында тизмеде 5чи болуп талапкер!
Бул дагы аздык кылып эми өз баласы Рустам Эргешов «Эмгек» партиясынын тизмесинде талапкер болуп баратат!
Чара көрөсүңөрбү? Же кичинекей бөбөктөрдүн ден-соолугуна заян тийгиче күтөсүңөрбү? Шайлоого жанталашпай күнүмдүк ишиңерди дагы карагыла!», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg