www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда мурда соттолгон үч жаран мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Баткен облустук милициясы билдирмеге ылайык, милицияга Кадамжай районунун Марказ жана Майдан айылынын тургундары арыз менен кайрылган. аларды айтымында, короодо байланып турган малын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Облус тургундарынын арыздары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 200-беренеси (мал уурдоо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Кадамжай райондук милициясынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25 жаштагы жана Үч-Коргон айылынын 28 жаштагы тургунун кармаган. Аларды базар баасы боюнча 60 миң сомдон болгон 2 баш бодо малды Халмион базарындагы мал базарда сатып жаткан жеринен  кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алар жалпысынан 5 факт боюнча 12 баш мал уурдагандыгы, үчөө тең мурда соттолгону такталды. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган мал өз ээлерине кайтарылып берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости