www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Айгерим Расул кызы Фейсбук баракчасына кайсыл партияны колдоорун жазды. 
 

«Урматтуу Кыргыз Элим! Мен саясаттан алыс болгум келет. Бирок өлкөбүздөгү болуп жаткан көрүнүштөр ар бир жаранды кайдыгер калтырбайт. Мен дагы өзүмдүн жарандык позициямды айтууну туура көрдүм. Көптөгөн партиялар жарнама иретинде мага иш алып баралы деп жакшы суммаларды сунуш кылышты.

Бирок мен акчага кызыкпай арканды узун таштап эртенки күнүбүздү, мамлекетебизди ойлоп ушундай кырдаалда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясын колдоону туура көрдүм! Бул партиядан 1 сом дагы алган жокмун. Ал силерге деле ачык- айкын көрүнүп турат деп ойлойм.

Акчага азгырылбай чын дилибиз, жүрөгүбүз менен Мекенибиз үчүн туура тандоо жүргүзөлү! Урматым менен Айгерим Расул кызы»-деп жазды ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости