www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-сентябрь күнү ШКУнун ( Шанхай Кызматташтык Уюму) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Индиянын тышкы иштер министри С. Жайшанкар жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда министрлер, Индиянын премьер-министри Н. Модинин 2019-жылы Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашкан.
Министрлер аба каттамдарын ачуу, жеңилдетилген насыя алуу боюнча келишим түзүү, медицина тармагындагы байланышты тереңдетүү боюнча ишти жандантууга даяр экендигин билдиришкен.
Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу мекенине кайтууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарын кайтаруу ишинде кызматташуу маселелери талкууланган.
Булак: NazarNews.kg