www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы мектептердин биринде 5-класстын окуучулары орус тил сабагын көпкө эстерине сактап калмай болушту. Сабак учурунда экранда орфография жана пунктуация эрежелеринин ордуна төшөк мамилелерин чагылдырган тасма чыгып калган.

Ата-энелер сабак учурунда мындай алешемдиктер көп жолу болуп жатканына даттанышууда. Бир эле порнографиялык ролик менен маселе бүтпөйт. Сабак учурунда кээде чоңдорго арналган музыкалуу клиптер да чыгып калат.

Казакстандык окуучулар көбүнчө “Зум” онлайн-платформасы менен сабак өтүшөт. Сабактардын шилтемеси телеграмм-чаттарда ээн-эркин тараган. Бул жерде сабак качан өтүлөрү, ага кантип катышса болору, атүгүл окуучулардын маалыматтары да камтылган. Буга байланыштуу түйүндөрдөгү троллдор оңой эле чабуул жасап жатышат.

Казакстандагы Киберчабуулдарды анализдөө жана иликтөө борборунун президенти Олжас Сатиев башка онлайн-платформада сабак өтүү маселесин кароо зарылдыгын белгилейт.

–”Зум” окуучудан авторизация талап кылбайт. Эгер ал авторизация талап кылса, ар бир окуучунун өзүнүн шилтемеси болмок, башкача айтканда мындай учурларды иликтөө жеңилдемек. Мугалим кайсы аккаунттан бул шилтеме келип жатканын билмек. Мындан улам башка платформага өтүү мүмкүндүгүн кароо керек.

Казакстанда онлайн-платформалардагы кемчиликтерден улам мугалимдер сабактарды мессенжерлер аркылуу да өтүп жатышат. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө 350 миң мугалим бар экенин, алардын баарына онлайн окутуунун сырларын терең үйрөтүүгө мүмкүн болбой жатканын, буга убакыт керек экенин билдирүүдө.

Булак: centralasian

Последние новости