www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин “NazarNews” сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын бир ай мурун ачкан. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар! Сулуу жандар менен дагы да тааныштырууну улантып, бүгүн биз Бегимай Карыбекова аттуу сулуу менен маектештик.

- Бегимай, учурда ийгиликтүү моделдердин катарын толуктап жүрөсүң. Бул ийгиликтерге кантип жетишүүдөсүң?

- Менин ийгиликтеримдин баардыгы ата-энеме, мекениме жана жакындарыма арналат. Алардын көңүлүн көтөрүү үчүн мен көп аракет кылдым. Эң башкы сырым- бул кесипке болгон каалоом. Каалоом жок болсо, мен аракет да кылбайт элем. Ийгиликтер оңой жол менен келген жок, көптөгөн кыйынчылыктар башымдан өткөн.

- Сен эмгектенген чөйрөдө тез-тезден өзгөрүлүп турган адамдар көп экенин билем. Алар тууралуу эмне дейсиң?

- Ооба, туура. Чынында ушундай. Башында мен таң калып, капалана берчүмүн. Кийин баарына көнүп калдым. Бетиме келип жакшы сүйлөп, артымдан ушак айткан адамдарга азыр таң калбайм.

- Бир нече дүйнөлүк өлкөлүк сынактарга катышып жүрөсүң. Бирок, баш байгеге ээ боло албай келесиң. Мунун себеби эмнеде?

- Дүйнөлүк сынактарда мен үчүн жеңиш эмес, катышуу эң маанилүү. Себеби, мен өзүмдүн өлкөмдүн атынан катышып, таанытып жатам. Кыргызстанда сулуулар сынактар өткөрүлсө катышкан кыздарга сөзсүз психикалык сокку жасалат. Конкурстун жүрүшүндө туфлиңди уурдайт же кие турган көйнөгүңдү булгашат. Бизде көрө албстык абдан күч алган. Ал эми дүйнөлүк сынактарда мындай көрүнүштөр орун албайт. Тескерисинче катышуучулар менен жакындан таанышып, достошосуң.

- Учурда жүрөгүңдүн ээси барбы?

- Жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин. Буга чейин олутту да сүйүү мамилесинде болуп көрө элекмин. Окуу, жумуш убакыт тар.

- Сенин көңүлүңдөн орун ала турган мырзалар кандай болушу керек?

- Мага спорт менен алектенген, психологиялык жактан эрки күчтүү мырзалар жагат. Азыр жөн эле жигитим эмес, болочоктогу жолдошум боло турган мырзаларга көз салып жүрөм.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости