www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Алмазбек Шаршенович !

ОАО "Кыргызнефтегаз" сизге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылышка аргасыз болуп отурабыз, себеби ишкананын чыныгы акыбалы тууралуу кабар сизге жетпей жатат. Ишкананын жетекчилери тууралуу массалык маалымат каражаттары бир жактуу гана негативдүү информацияларды таркатып жатат.

Квартал сайын финансылык абал тууралуу отчёттор кабыл алынып, ишкананын акыбалы белгилүү болсо да ,мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун негизги акционерлери тарабынан ишкананы коргоо чаралары көрүлбөй аткандыгына көңүл бурушуңузду өтүнөбүз.

2010-жылдын майынан баштап директорлор Кеңешинин жаңы жетекчилигинин астында көптөгөн ишкананын финансылык абалынынжакшыртуу иштери болду жана нефть, газ өндүрүүдө жана жаңы скважиналарды бургулоо бир канча көбөйтүлгөн. 2013-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин №12 буйругу менен дайындалган "Кыргызнефтегаз" ОАО башкаруучулугу азыркы жетекчилик астында саясий-экономикалык кырдаалга карабастан бюджетке пайда алып келип аткан стабилдүү ишканалардын бири.

Бирок кийинки жылдары биздин ишкананы депутаттардын, мам.кызматкерлердин саясий амбициясы олку солку кылып атат. Чамасы кимдир бирөө ишкананы банкроттукка алып келүү менен өзүнүн колуна алууну көздөп жатат бейм.Өкмөт менен Жогорку Кеңешке биздин ишкананын чоо жайы тууралуу туура маалымат жетпей жатат. Бул иш кимдин колунан келип аткандыгын биз билебиз, ал финансылык кылмыштарды жаап жашырып , ишкананы колуна алууну көздөйт. Атап айтканда бул киши ЖК депутаты Исхак Пирматов. Пирматовго тийешелүү болгон ОсОО " Юни Трейд Компани" менен ОАО "Кыргызнефтегаз" келишим менен 8 522 980 долларга бургулоочу орноткуч сатып алууну көздөгөн.

2010-жылдын 15- апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн буйругуна ылайык ВП №7-а, сиздин колуңуз менен Пирматов И.А. кызматынан бошогон. Жаңы жетекчилик Кытайдан 3млн. 724 миң долларга бургулоочу станок сатып алышкан, натыйжада апрель революциясы Пирматовго 8 522 980 долларды ОАО "КНГ"дан чыгарып кетүүгө жолтоо болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, бирок 5-чакырылыштын депутаттары анын мандатынан ажыратышка жана депутаттык кол тийбестигин алып салышка макулдук бербей коюшкан. Ушундан баштап ал биздин жетекчиликке активдүү чабуул коё баштады жана ал ушул күнгө чейин созулуп келе жатат. Аны ишке ашырууда административдик ресурсту колдонот, депутаттык абалынан колдонот, айтор түркүн түстүү тоскоолдуктарды жаратууда.

Пирматовдун мыйзамсыз иш аракеттери , тоскоолдуктары муну менен эле чектелбейт.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Жогоруда айткандарга таянып ОАО"Кыргызнефтегаз" жамааты сизден Жумашев Ж.Н. жана Масиров К.Д. бошотууну, буйрутма текшерүүлөрдү токтотууну жана обьективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн комиссия түзүүнү суранышат.

Урматтоо менен ОАО "Кыргызнефтегаздын" эмгек жамааты

 

 

Последние новости