www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция жол кырсыгынан улам каза болгон белгисиз адамдын туугандарын издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июль күнү Жибек Жолу проспектисинин Ала-Арча көчөсү менен кесилишкен жеринде “Мицубиси Каризма” унаасын башкарып бара жатып, 1987-жылы туулган айдоочу Т.А. жөө жүргүнчүнү сүзгөн

Натыйжада, 40-45 чамасындагы белгисиз адам жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Милиция сүрөттөгү адам жөнүндө, ошондой эле күбөлөр жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондордун баарынан төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап коюуну суранат: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11- 21-13, (0502) 22-24-12 жана 102.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости