www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жарым жылды жыйынтыктоо боюнча  ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын  8-июлунда  Бишкек шаардык ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын 6 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Кеңешме Бишкек шаардык ИИББнин орун басары милициянын полковниги Атантаев Эрлан Мукановичтин катышуусунда  өткөрүлүп, төмөндөгү  аткарылган иштер боюнча жыйынтык жүргүзүлдү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана анын алдын алууда, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо  2019-жылдын 6 айына  салыштырмалуу   алгылыктуу иштер аткарылгандыгы  белгиленди.

Алсак Бишкек шаары боюнча 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында  974 жол транспорт кырсыгы катталып, өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу  22,6% га азайган. Жөө жүргөн  жаш балдар катышкан жол транспорт кырсыгы 6 ай аралыгында 93 жолу катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 50%га азайган. Ал эми жол транспорт кырсыгы катталып, окуя болгон жерден из жашыргын  жол кырсыктары 244 жолу катталып,  алардын ичинен  137си издөө бөлүмү тарабынан  ачылып, калгандарын  издеп табуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Милициянын кайгуул кызматынын  башка бөлүмдөрүнүн жарым жылдык  аткарган иштери  тууралуу анализ жүргүзүлүп, өз баасы берилди.

Жыйынтыктап айтканда  Бишкек шаардык ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы өткөн жылдын октябрь айында түзүлүп, ишке киргенине карабастан, аз убакыттын ичинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо алгылыктуу иштерди аткарып, шаар түргүндарынын ишеничине кирип, Бишкек шаардык ИИББи тарабынан  канааттандыраарлык деген баа берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости