www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев менен элди торуган илдет тууралуу баарлаштык.

-Ташболот мырза, мурун пневмония жукпайт дешчү эле, азыркысы жугуштуу болуп атабы? Элдин көбү пневмониядан жабыркап жатышат го?

-Азыркы пневмония деген 100 пайыз коронавирус. Ошон үчүн жугуштуу болуп жатат. Эл пневмония деп диогноз коюлгандардан дагы сактанышы керек. Болбосо ал илдеттен жабыркагандар көбөйө берет. Анткени, вирус бейтап жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу башкаларга жугат. Ошондуктан сактанышыбыз керек. Эрежелерди сакташыбыз зарыл.

 -Эми пневмониядан каза болгондордун зыйнатына барганда дагы сактануу керекпи?

-Жогоруда айткандай вирус жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Өлгөн кишиден жукпайт. Бирок, жаназада топтолуп тургандар бири-бирине  жугузушу мүмкүн.

-Бүгүн илдеттен каза болгондордун саны 58 болду. Буга илдет күнөөлүүбү же келген каражатты туура эмес пайдаланган Өкмөт күнөөлүүбү?

-Өлүмдүн көбөйүшүнө жугуштуу илдет да, жугуму жок бийлик да, санитардык маданияты төмөн эл да күнөөлүү.

-Врачтардын баркын, баасын билдик. Эми саламаттыкты сактоо тармагын реформа кылып, медициналык билим алууну арзандатышы керекпи?

-Кеч болсо да врачтардын баркын билгениңер жакшы. Дагы айтаарым ар бир адам денсоолуктун баркын билүүсү зарыл. Бийлик медицинага бөлүнгөн каржыны эмки жылы 3 эсеге көтөрбөсө, эми медиктердин баркын билдик деген куру сөз болот.

-Илдеттен кантип кутулабыз, абалдан кантип чыгабыз?

-Убакытты мандемсиз өткөрүп жиберишти. Эми коомдук иммунитет пайда болсо же вакцинация жүргүзүү жолу менен илдеттен кутулабыз.

- Бороновдун медиктерди 70 миңден кем эмес, айлык коюп берем деген чакыруусу медиктердин баасын баркын билгенибизби?

- Бизде медиктердин армиясы 40 миңден ашык. Боронов 400 кишиге 3 ай 70 миңден төлөп бергенди айтып жатат. Бул илдет менен натыйжалуу күрөшүү үчүн айлыктан башка керектүү шаймандар, дары-дармектер бекер жана жеткиликтүү болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости