www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августта түштөн кийин Ала-Арча айылындагы май алмаштыруучу жайдан кылмышкерлер 56 миң сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) боюнча катталган.

Бул боюнча, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кечээ, 21-сентябрда кылмышка шектүүнү кармашты. Бул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган 39 жаштагы Токмок шаарынын тургуну болуп чыкты.

Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости