www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясында 23-сентябрь - Мамлкеттик тил күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектеп жана балдар бакчаларынын мугалимдери, мекеме-ишканаларынын кызматкерлери катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, вице-мэр мамлекеттик тилде балдарга тарбия берип, эне тилди, туулган жерди сүйүүгө балдарды тарбиялап, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө салым кошуп жаткан ар бир мугалимге ыраазычылыгын билдирип, жалпы кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

Аземдин жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак-ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар кыргыз тил мугалимдери жана мекеме ишканаларда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости