www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат

Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жерге светофор орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каралган. Тендердин жеңүүчүсү 28-сентябрда аныкталат.

Светофорлор коюла турган кесилиштер:

Профсоюз менен Мессарошанын кесилиши;

Профсоюз менен Кайназарова;

Дэн Сяопин менен Кустанай;

Алтымышев менен Асаналиев;

Токтогул менен Гоголь;

Токтогул менен Шопоков;

Жукеев-Пудовкин менен Саманчин;

Юнусалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган чийинге орнотулат ("Мега ситинин" маңдайы).

Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости