www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Душанбе гарнизонунун Аскер соту катардагы жоокер Фаридун Зиевуддиновду аскер кызматын өтөөдөн качкандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыратты. Сотто жоокердин кызмат өтөөдөн качуу үчүн төрт ийне жутуп алганы белгиленгендигин Озоди радиосу билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында 21 жаштагы бала армияга мекенди коргоого чакырылып, Коргоо министрлигинин Вахдат шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Душанбе гарнизонунун соту 11-сентябрда билдиргендей, сот жараяны учурунда жоокер ооруканага жатып, аскер кызматынан бошонуу үчүн ийнелерди жутуп алгандыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, Фаридун Зиевуддиновдун туугандары соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептешет жана аны аскер кызматын өтөөдөн качуу үчүн ден-соолугун курмандыкка чалууга барбайт деп айтышкан.
Жоокерге байланыштуу өкүм 10-сентябрда жарыяланган. Эми анын үй-бүлөсү өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууну көздөп жатышат.
Ал эми окуяга байланыштуу жарандык активисттердин айтымында, жаштардын армияда кызмат кылгысы келбей жатышынын бирден бир себеби — бул аскер бөлүктөрүндөгү катаал шарттар.
Булак: NazarNews.kg