www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия былтыр ажылык сапар үчүн чогулган акчаны ийне-жибине чейин эсептеп чыкты.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин Facebook баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай которулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталган. Мунун ичинен 5519 зыяратчы ар бири муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөшкөн.

Натыйжада чогулган жалпы 11 418 200 доллардын 1 894 155 доллары кемип турат.

Эске салсак, былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости