www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ  - Чек арадагы Мадина шаарчасындагы маселелер...

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө арналган шаарча курулган. Белгилей кетсек, аталган шаар Түркиянын демөөрчүлүгүнүн алкагында, кыргыз ишкерлеринен чогулган каражатка салынып, куралдуу жаңжалда набыт болгон 12 жашаар кыз Мадинанын атынан коюлган.

Бүгүнкү күндө Мадина шаарчасына тургундар көчүп келүүдө. Алардын арасында ошол жаңжалда курман болгон Медербек Камчиевдин жубайы Карачач Азамжан кызы да бар. Азыркы учурда кош бойлуу эне эки баласы менен Мадина шаарчасынын туруктуу жашоочусу. Анын айтымында, салынган үйлөрдүн сапаты жакшы экенин бирок шаарчанын таза суусуна 8 миллион сом каралганына карабай бардык үйлөрдө суу чыкбаарын жана таштанды чогулткан унаалар келбээрин айтат.

Бул көрүнүш кош бойлуу, жалгыз бой энеге бир топ эле кыйынчылык жаратат. Мындан сырткары, берилген үйлөрдүн каттоо иштери бүтпөй келет. 

“Мамлекет үй берип, 1 миллион сомдан акчалай жардам берсе да баары бир жолдошумдун тирүү кезиндей болбойт экен”, - дейт Карачач айым Азатыкка берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости