www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы кайсы образды албайлы экрандаштырууда ишенимдүү жана ынанымдуу чагылдырылган. Айтматовдун “Бетме-бет” повестиндеги Сейде бүгүнкү каарманым болду. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбастан, Шайыр айым ар дайым жаңычылдыкка умтулуп изденүүнүн жолунда.

- “Махабат” тасмасынын сценарийи сизге таандык экен. Өз жашооңуздан алынганбы?

- Албетте. Тактап айтканда кээ бир жерлеринде жашоомдун үзүмдөрү бар. Сценарийде бере турган оюмду тасма аркылуу жеткире алдымбы же жокпу маселе ошондо. Тасма чыккан соң айрым көрүүчүлөрдөн биздин жашообузду сүрөттөп коюпсуз деген сөздөрдү угуп калам, демек аз да болсо, таасирленишиптир деген сөз болот. Негизи эле кыргызда жалгыз бой атасы же апасы болсо ошол балдары эле алардын бактысы туурасында ойлонушпайт. Ага ким күнөөлүү?! Күнөө ошол балдарын багып чоңойткон ата-энеде. Биздин муундагылардын көйгөйү. Балдар өз алдынча болуп кеткенде, өзү үчүн бактылуулукка умтулуу. Ошол балдарды кайрымдуу кылып өстүрүү.

- Сейденин образын кандайча аткарып калдыңыз?

- Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде КРнын эл артисти, кинорежиссёр Бакыт Карагулов “Куш өмүр” деген тасма тарткан. Кинопробадан өтүп, ошону менен катарлаш Кадыржан Кадыралиев кинооператор агабыз, ошол кезде режиссёрлук кылып Кенес-Анархайда тарта турган тасмасына дагы кинопробадан тандалып калдым. Эки режиссёр кеңешип менден сурап жатышпайбы кайсы тасмага тартыласың деп. Айтматовдун тасмасына тартылуу шыбагасы дайыма эле туш келе бербейт, экинчиден тарыхый басымга көбүрөөк басым жасалганынан, Карагуловдун тасмасында Сейденин образын аткарып калганым дагы мына ушундан. “Чыӊгызхандын ак булутунда”-Алтундун ролун аткардым. Мен жүрөккө жакын кабыл алган ролдорумдун бири.

- Актрисага аткарыла элек роль кызык дешет го. Ошондой ролуңуз бардыр...

- Мурун кыялданган ролдорум бар эле. Аттарын атабай эле койсом, себеби ал спектаклдер коюлду, бирок режиссёрдун купулуна толгудай спектакль чыкпай калыптыр. Ошонун негизинде аралашпаганым эле туура болгон го деп койдум. Жашым дагы, дараметим дагы төп келген мезгил эле. Бирок... Тасмада кыялданган ролум деле жок. Бирок тартылса деген эки чыгармам бар. Кыргызстан эли-жери үчүн жакшы чыгармалар, эл аралык долбоор. Дүйнө жүзүнө тааныла турган долбоор болуп турат. Ага мезгил себепкер.

- Кандай залкарлар менен иштешүүгө туз насип буюрду?

- Кыргыз эл баатыры, СССРдин эл артисти, уникалдуу талант Сабира Күмүшалиева апабыздын айткандары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал: “Шайыр, сен жалаң башкы каармандарды ойноп келе жатасың, мыкты, башкы каармандарды ойнош оңой, анткени, бир жеринде образыңды жакшы бере албай жатсаң, башка жеринде мыкты алып кете алышыңа чоң мүмкүнчүлүк бар. Сен эр болсоң кичинекей эпизодду ойноп көрчү. Ошол кичинекей эпизоддон элдин эсинде, жүрөгүндө калып көрчү, мына актрисага ошол кыйын, бул аябагандай татаал” дечү. Сабира апабыз эпизоддору менен элдин эсинде. Мисалга алсак, “Келиндер козголоңу” спектаклинде өзбек аялдын ролун аткарат. Ошол каарманга ушунчалык берилүү менен изденгендиктен, сахнага чыкканда көрүүчүнү өзү менен кошо ээрчитип алган. Тасмада дагы кымындай эпизод ойной турган болсом, элдин эсинде кала тургандай тырышамын да. Бул сабакты мен Сабира ападан алып калганым чоң бакыт.

- Кайсы бир маегиңизде көралбастарга ыраазымын ошолор аркылуу ийгиликке жеттим дегениңизди окуганым бар.

- Бул жерде мени үч нерсе коштоп жүрүп олтуруп келди, жеке жашоомдогу Кудай берген талант, өң-түс, жалгыздык тагдыр. Үчөө бириккенде көралбастык жалаң эле кесиптештердин арасында болбой, башкалар тарабынан дагы ок атылбай койгон жок. Жаш кезимде мени сулуусуң десе, өзүмдү кызыктай акыбалда сезип, мен жакшынакаймын, бирок сулуу деле эмесмин го, сулуу деп Таттыбүбү Турсунбаеваны, Моника Беллуччини эсептечүмүн. Бирөөнүн турмушун бузбасам, бирөөнүн токочуна колумду салбасам, эмнеге мени ушинте беришет, эмнеге көрө алышпайт деп көз жашымды көлдөтүп жүргөн күндөрүм дагы өттү-кетти. Бирок кийинчерээк жаш кездеги аткарган каармандарымдын сүрөттөрүн көрүп элдин айтканына эми ынанып олтурамын дагы "көрсө мен сулуу турбаймынбы" деп койдум. Негизи адамдын жан дүйнөсү сулуу болсо, ошол сыртына да чыгып турат. Эч качан ичимди кирдетпегенге аракет кылдым.

Менин жөнөкөйлүгүм, бейкапарлыгым дагы бир топтордон караганда жогору турчу экен. Азыр дагы мен көралбастарга рахматымды айткым келет. Анткени ушул күндө дагы мен элге окшоп карылыкты чакырбайм. Душманга жакшылык кылып, жакындарыңды сүйө билсең ошол сени сулуу кылат. Ал эми сырткы сулуулукка дайыма кам көрүп турам. Жаман сөз, жаман көз, жаман ой - мунун баарын ички дүйнөгө киргизбейм. Акыл-парасатты, тунук ойду таза сактап, түз жолдо бараткандардамын.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости