www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 30-октябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө 96 жылдыгына карата иш-чара белгиленди.

Аталган майрамдык салтанатта Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамды жана ардагерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, кызматкерлерде акыйкаттуулук, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жарандар менен сылык мамиледе болуусу, коомчулуктун милиция кызматына болгон ишенимин жогорулатаарын кошумчады. Кызматкерлерге бекем ден-соолук, чыдамкайлык ошондой эле үй-бүлөлүк бакыт каалап, түйшүктүү жумуштардын арты ийгиликтер менен коштолуусуна тилектештигин билдирип, ар бир кызматкер өз милдеттерин так аткаруу менен ИИОнун кадырын дагы да арттыра берээрине ишеничин билдирди.

Учурда ИИОдо реформалоо жүргүзүлүп, анын алкагында милиция кызматкерлери замандын талабына ылайыктуу кызмат өтөөгө шарттар жакшырып жатканын айтылды. Иш-чарада өздөрүнүн мыкты жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медалдар жана атайын наамдар ыйгарылды. Мындай салтанатуу иш-чаралар Чүй облусундагы баардык райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө 30-октябрь күнү белгиленип, татыктуу кызматкерлерге сыйлыктар жана мактоо баракчалары тапшырылды. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости