www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун жараны сактап ок атуучу курал, ок-дары жана жардыруучу түзүлүштөрдү табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын операциянын жүрүшүндө Чүй облусунун 1980-жылы туулган жашоочусу Е.А.га таандык номурлары өчүрүлгөн «Винчестер» ок атуучу куралы, «Макаров» тапанчасынын 30 огу, «Калашников» автоматы, андан сырткары «РПГ» гранатомету, «РГД-5» гранатасы табылды.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/65/1192465.fafdf39128f297d089892be9ba2808e7.jpg

Ыкчам тергөө иштери куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укукка каршы аракеттер жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөндөн кийин жүргүзүлө баштаган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнү кармоо көчөдө жүргүзүлүп, анын спорттук сумкасынан кесилген курал табылган.

Мындан аркы тергөө амалдарынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун айылына жакын жерден шектүүгө таандык жашыруун жайдан ок атуучу курал, ок-дарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.

Табылып алынган куралдарга жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости