www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Нью-Йорк шаарында коронавирус жуктуруп алган бейтап галлюцинация жана ысытма менен ооруканадан чыгып, дарыгерлердин аракетсиздигинен улам көчөдө жалгыз көз жумду. Бул тууралуу The Mirror басылмасы билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, 56 жаштагы мурунку полициянын сержанты Йонь Чан (Yon Chang) коронавирус жуктурганы маалым болгондон кийин ооруканада жаткан.
7-апрелге караган түнү Чан өзүнүн досу Марвин Мойго смс жазып, ал ооруканадан чыгып кеткендигин жана ал жак нацисттерге, гоблиндерге жана арбактарга толгонун айткан.
Досуна кыжалат болгон Марвин аны издеп жүрүп, тап алып кайра медицинаылк мекемеге жеткирген.
Реанимация бөлүмүнүн кире беришинде Чан эс-учун жоготкон, бирок оорукананы кайтарган полиция кызматкери жана медициналык кызматкер аны киргизүүдөн баш тартышкан.
“Чан чындыгында өзүндө эмес болчу. Ал вирус жугузуп алган. Анын өлүмүнө бир нече эле саат калган”,-деп Марвин айтып берген.
Ооруканада алар Мойдун айыптоолорун четке кагып, Чанга кайтып келүүдөн баш тартышканын айтышты, анткени ал ошол күнү кызматкерлердин сунуштарын четке кагып, кетип калган.
Чанды ооруканага кабыл албай коюшкандан кийин, Мой аны кире беришине таштап, өзү досуна тамак, суусундук алып келүүгө кеткен. Мой кайра кайтып келгенде Чан калтырылган жеринде жок болуп чыгат. Ал смстерге жооп бербей жатканынан, оорукананын кызматкерлери оюн өзгөртүп, досун дарылоого алып кетти деп ойлоп, үйүнө кетип калат. Эртеси күнү эртең менен Чандын жансыз денеси ооруканга жакын аралдан табылганы тууралуу жаңылыктардан кабарланат.
Булак: NazarNews.kg