www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бухара облусундагы соодагерлердин бири жергиликтүү бийлик өкүлдөрү андан жардам сурашканын, баш тарткан учурда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин эскертишкенин билдирди.
“Муктаждарга жардам берүүгө мажбурлашууда. Ошондуктан мен бөлүштүрүү борборуна 20 кап ун, 5 кап күрүч, 5 кап кум шекер жана бир үкөк өсүмдүк майын жеткирип бердим”,– деди ишкер
Мамлекеттик салык комитетинин Жизак облустук башкармалыгынын кызматкери болсо кайрымдуулук максатында анын жети күндүк айлык акысын кармап калышканын айтты:
−Аз камсыз жарандарга бир жумалык айлык акыбызды которууну талап кылышты. Кызматкерлердин көбү үй-бүлөсүн жалгыз багат, алар бир апталык айлык акыларынын кармалышын каалашпайт.
Өзбек бийлиги карантин маалында колунда бар жарандар өз каалоолору менен жардам берип жатышканын билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg