www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында "Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда эки адам коронавирус жуктуруп алдыбы?" деген суроо узатылды. Буга комендант Жеңишбек Жоробеков төмөндөгүдөй жооп берди:

"Өзгөчө абал кирген соң бир топ мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинен укук коргоо жана жаза аткаруу кызматтарынын иш тартиби өзгөргөн. Маалым болгондой, тергөө амалы жүрүп жаткан, шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайда турат. Соттун чечими чыгып, күнөөсү далилденсе, алар кылмышкер катары жаза аткаруу жайларына жеткирилүүгө тийиш.

Бирок акыркы мезгилдеги эпидемиологиялык абалга байланыштуу убактылуу кармоочу жайлардагы жарандарды жаза аткаруу мекемелерине жеткирүүдөн мурун милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Ошондуктан 17-апрелде убактылуу кармоочу жайлардагы 9 жарандан тест алынган. Арасынан эки жарандын тапшырган тесттеринин жыйынтыгы толук чыга элек болчу. Ошол учурда кээ бир жарандар социалдык тармактар аркылуу туура эмес маалымат таратып жиберишкен экен. Ал жакта убактылуу кармоочу жайда эки адам оору жуктуруп алды деген сөз айтылган. Бирок бүгүнкү күндө биз ал сөздөрдү четке кагабыз. Анткени аталган эки жаран кечээ, 23-апрелде тест тапшырып, ал таза чыкты", - деди комендант.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости