www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк жылдыздардын жашоодогу статустары көп нерсеге жол ачат. Алар бардык убакта каалаганын ала алышат жана баш тарта алышат. Жылдыздардын ойго келбеген “каприздери” көпчулүк учурда концерттерде, гастролдордо жана клип тартууда ачыкка чыгат. Бул ирет биз дүйнөгө атагы чыккан жылдыздарды тандап, алардын таң калыштуу талаптары тууралуу бөлүшүүнү туура көрдүк.

1. Жей Ло- ар дайым ваниль жыттанган шам чыракты, денеси толугу менен көрүнө турган күзгүнү, сапаттуу жана тунук угула туган наушникти, кубин нанын жана кофени талап кылат.

2. Мадонна- кайсы жерге барбасын өзүн өз үйүндөгүдөй сезип жүрөт. Себеби, ал өзү менен кошо керебетин, төшөнчүлөрүн алып жүрөт. Мындан сырткары жеке ашпозчуну, өзүнүн командасындагы 200 адам бата турган отелди, газдалбаган сууну, үч орхидея гүлүн, үч шам чыракты барган жеринен алдын ала талап кылат.

3. Модель Наоми Кемпбелл- барган жеринен жеке массажистти гана талап кылат.

4. Бейонсе- мейманкананын керебети, төшөктөрү ак түстө, бөлмөнүн температурасы 22 градус болушун талап кылат. Ырчы дайыма өзү менен кошо кофе даярдай турган машинкасын кошо алып жүрөт. Мындан да эң маанилүүсу кайсы гана өлкөгө барбасын сөзсүз терезелери караңгытылган 10 даана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү авто унаалар тосуп алып, коштоп жүрүшүн талап кылат.

5. Адель- барган жеринен 6 даана таза чай үчүн чашка, сагыз, 1 даана сэндвич, 2 даана шоколад батонун жана Европада өндүрүлгөн органикалык винону талап кылат.

6. Мэрайи Кэри- мейманканада сөзсүз гримерка, ити үчүн бөлмө, алтын жалатылган краны бар ванна, 200 даана жүз аарчы жана баасы 1500 $ турган шампан болушун каалайт.

7. Рианна- гримеркада леопарддын сүрөтү бар килем, ак түстүү стол, стулдар болушун талап кылат. Эң маанилүүсү килемдер тап таза болушу керек. Себеби, ырчы жылаңайлак басып жүргөндү жактырат.

8. Селена Гомес- өзүнүн талатарын кызыксыз деп эсептейт. Себеби, ал барган жеринен япон тамагы рамэнду, турдалган бадыраңды, алманы гана талап кылат.

9. Тейлор Свифт- барган жеринен сөзсүз карамель кошулган латтени, чоң муздак американону жана ашкабак кошулган пирогду талап кылат.

10. Кристина Агилера- бара турган жерине кечигип, жол тыгындарына кабылбаш үчүн милиция кызматкерлеринин коштошун талап кылат. Мейманканадагы бөлмөсүндө 2,5 метрлик стол, кагаз жүз аарчы, гүл ал эми муздаткычта суу, сыр, витаминдер болушун каалайт.

11. Жастин Бибер- концерттин уюштуруучуларынан чипсы, орех, бал, жер-жемиш, төрт даана лимон, имбирь чай, кекс, сагыз жана ваннасында жаңы кол жууй турган самын, бир нече жүз аарчы жана жогорку ылдамдыктагы интернет болушун талат кылат.

12. Ники Минаж- кыска убакыттагы гастролго чыгаар алдында өзү менен кошо 12 даана куурулган тоок этин, эки даана стейк, төрт бөтөлкө кызыл вино алып жүрөт.

13. Кэти Перри- концертке чыгаар алдында бара турган мейманканада түстүү эмес муздаткыч, француз стилиндеги мебелдер, убактылуу гардеребу назик роза түстүү, грмеркасы ак түстүү болушун талап кылат.

14. Виктория Бэкхем- фотосессия жасаар алдында уюштуруучулардан ананас, жашыл жана кызыл жүзүм, алма, алмурут, клубника, малина, грейпфрут жана жашыл салат, 1 даана сагыз, мята, көк чай, 1 стакан шампан, таза халат талап кылат.

15. Ариана Гранд- эң башкы талабы аны сол тарабынан гана сүрөткө тартуу.

16. Леди Гага- мейманканадагы бөлмөсүндө ак түстүү кожадан жасалган диван, эки жүз аарчы жана айланасын роза гүлү курчап турушун каалайт. Ырчы чай үчүн чашка эмес, кружка сурайт.

17. Шакира- эң маанилүү талабы гримеркада диван, газдалбаган суу, жер-жемиш болушун талап кылат.

18. Бритни Спирс- концерт алдында сөзсүз чипсы, энергетикалык суусундуктарды, тоок этинен наггетсыны талап кылат.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости