www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш күнүндө бош конверт алган ардагердин окуясы социалдык тармакта катуу талкууга алынды. Аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы ардагердин туугандары жана жергиликтүү бийлик менен байланышты.
 Социалдык тармактагы тайпалардын биринде 85 жаштагы ардагер Капас Бокбаевге Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтү тарабынан Жеңиш майрамында бош конверт берилгенин интернет колдонуучулардын бири жазды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуянын чоо-жайы билүү үчүн ардагердин келини Махабат Тынаевага жана айыл өкмөт башчысы Мирлан Кыдыкеев менен байланышты. Эмгек ардагери Капас Бокбаевдин күбөлүгү Тынаеванын айтымында, майрамга бир күн калганда айыл өкмөтү аксакалды майрамга чакырган. Ал Эмгек ардагери деген күбөлүгүн алып 9-майда баласы менен майрамдык иш-чарага кеткен. Салтанаттан ага үч буручтук болуп бүктөлүп, Гвардиялык тасма менен кооздолгон конверт беришкен. Аксакал аны чөнтөгүнө салып, үйгө келгенде небересине берген.

Ардагер Капас Бокбаевге тапшырылган конверт "Конвертин ичинде бир нерсе бар болуш керек десе керек. Бирок, ичинде эч нерсе жок экен. Анын ичиндегиси жолдо келе жатканда түшүп калган го десек, атам колуна бергенде эле чөнтөгүнө салганын айтты. Мындай үч бурчтук каттар фронттон жакшы кабарларды алып келчү да. Ичине акча салбаса деле жок дегенде каалоо-тилек жазып койсо болмок", — дейт Тынаева. Капас аксакал согуш жылдарында буудай ташыганын келини баса белгиледи. Анын айтымында, эмгектин ардагери конверттин ичи бош экенин билгенде көзүнө жаш алган. "Эми бул жерде кеп акчада деле эмес. Болгону айыл өкмөтүнүн ардагерлерге карата болгон мындай мамилеси капа кылат. Буга чейин деле атама эч нерсе берилчү эмес, бул жолу конверт алдым деп аябай толкунданып келген", — деди Бокбаева.

Улуу Жеңиш майрамына чакыруу албай томсоргон Күкү эне Аксакалдын туугандары ал "Эмгек ардагери" деген медаль менен сыйланганын тастыктаган күбөлүктү сүрөткө тартып жиберишти. Күбөлүк 1986-жылы 25-августта ССРдин Жогорку советинин президиуму тарабынан берилген. Андан сырткары редакцияга бош конверттин да сүрөтүн жиберишкен. Бирок, Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Кыдыкеев жергиликтүү бийлик эмгек ардагерине эч кандай конверт бербегенин айтты. Алар майрам күнү Капас Бокбаевди айылдын аксакалы катары майрамга чакырган. Айылда азыр тылдын алты эмгекчиси жана согуштун бир ардагери бар. Тылдын эмгекчилерине 10 миң сомдон, согуш ардагерине 15 миң сом бир жолу материалдык жардам катары берилген. "Бокбаев 1931-жылы туулган. Ал тылдын эмгекчилеринин да, согуш ардагерлеринин да тизмесине кирген эмес. 1945-жылы ал болгону 14 жашта болчу", — деди ал. Кыдыкеев Бокбаев тизмеде жок болгондуктан ага акча салынган конверт берилбегенин баса белгиледи. "Эмгек ардагери менен тылдык эмгектенген ар башка. Капас ата социалдык өнүгүү башкармалыгынын тизмесинде болушу керек эле, бирок ал жакта дагы жок экен. Үч бурчтук кат түрүндөгү открытканы Новопокровкадагы №3 мектептин окуучулары даярдаган. Бул алардын демилгеси болчу", — деди ал. Айыл өкмөт башчысы ардагерге барып жолугуп, абалды түшүндүрөрүн айтты. 
 

Последние новости