www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан кармалып эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган мурдагы муфтий Максат Токтомушев Москва шаарына барды.

Жазира Таалайбекова аттуу Facebook колдонуучу мурдагы муфтийдин УКМКга Москвага барып келүү суранычы менен жазган арызын жарыялады. Анда Максат Токтомушев 23-майдан 25-майга чейин Орусиянын Москва шаарына барып келүүсүн жазган.

Анда ал Москвага Мавлид майрамына катара бара турганы жазылган.

Эске салсак, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарган.
Эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыккан мурдагы муфтий Максат Токтомушев өлкөдөн чыгып кеттиби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости