www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды

Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, 6 миң 266 адам вакцинанын экинчи дозасына алды.

“Алардын ичинен 2 миң 541и медик, 739у мектеп мугалими, 907си мамкызматкер, 5 миң 167си 65 жаштан жогору курактагылар, 347си күч структуранын кызматкерлери, 988и калган жарандар”, - дейт ал.

Шамырканова шаардагы эмдөө жайларын тизмектеп кетти.

- Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору.

Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө.

Россиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө;

- Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору;
- Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору.

Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости