www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиясында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан аялдын видео кайрылуусуна чейин эле анын жашаган жерин көзөмөлдөгөн полиция башкармалыгына расмий кайрылуу жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, видео кайрылуу жасаган Д.А. Даммам облусунун Аль-Хобар шаарынын Азизия районунун Ал-Хамра аймагында жашайт.

Элчилик Д.А. менен телефон аркылуу байланышканын белгиледи.

Ошондой эле окуянын чоо-жайын билүү максатында 22-23-майда элчиликтин кызматкери Азизия районунун полиция башкармалыгына барган жана ал жакка Д.А. менен анын жолдошу чакырылган.

«Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Д.А. менен анын жолдошунун доосун эске алып, полиция тарабынан иш тиешелүү мамлекеттик органдарга териштирүү үчүн жөнөтүлгөн.

Иш сотто жактоочулардын катышуусунда каралат.

Д.А. үйүнө кайтуу ниети жок экенин айткандыктан, элчилик Кыргызстандын жарандарынын жана Д.А.нын Аль-Хабор шаарында жашаган тааныштарынын жардамы менен маселе чечилгенге чейин Д.А.га убактылуу жашап турганга жай таап берүүгө көмөк көрсөттү.

Элчилик жергиликтүү бийлик органдары жана Д.А. менен байланышта. Аталган маселеге ыйгарым укугуна жараша көз салууда», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости