www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңиз Бөлтүрүк кайсы өлкөнүн юрисдикциясына баш ийет?

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында журналисттер Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинскийден «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кайсы өлкөнүн юрисдикциясына баш ийерин сурашты.

Тарбинский бул суроого Мамлекеттик кадр кызматы жооп бербей турганын айтты.

Бирок өзүнүн жеке пикирин билдирди.

Анын айтымында, биринчи мыйзам сакталышы керек. Экинчиден, өлкөлөрдүн кызыкчылыгын кароо зарыл.

«Азыр бул маселе көңүл чордонунда, Жогорку Кеңеште талкууланган. Биздин мамлекет бардык ресурстарынан максималдуу артыкчылыктарды алуу үчүн туура чечим кабыл алып, бул маселе жөнгө салынат деп ойлойм», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Теңиз Бөлтүрүк парламенттин жыйынында жооп берип жатып, эки өлкөнүн — Кыргызстан менен Канаданын жарандыгын алганын айткан. Ошондой эле Кыргызстандын паспортун көрсөтүп, экинчи жарандыкты 2020-жылы октябрда Садыр Жапаровдун жардамы менен алганын айткан.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы маалымат жыйында жарандыгы боюнча Мамлекеттик кызматка кайрылууну билдирген.

«Чектеш мамлекеттерден тышкары башка өлкөлөрдө экинчи жарандык алса болот. Мамлекеттик каттоо кызматы бул боюнча толук маалымат берет. Мен Кыргызстандын жарандыгын мыйзамдуу алгам», - деген Бөлтүрүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости