www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМде Кыргыз Республикасынын Маалымат жана Басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Тыгыз жана ийгиликтүү кызматташууга, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн калыс чагылдарууга кошкон салымдары үчүн жана кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү 38 “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбелейлик медалы, 37 Ардак грамотасы, 60 акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Куттуктоо сөзү менен чыккан  министр, массмедиа менен милициянын кызматташуусу жогорку кесипкөйлүк менен бир максаттуу мүнөзгө ээ болгондугун белгиледи. Эки тарап тең бирдиктүү иштин маанисин жакшы түшүнөт.

“Сиздердин аракетиңиздер менен ИИМ коом үчүн ачык-айкын болууга жетише алды. Тездин менен болбосо дагы коомдук аң-сезимде криминалдык көрүнүштөрдү бөлүп кароо ишенимдүү жүрүүдө. Телеберүүлөрдө, мезгилдүү басылмаларда, интернет булактарда  кандай учур болбосун жарандарды коргой турган милициянын образы калыптанууда. Ошону менен бирге, биз мындан дагы көп жумуштарды жасашыбыз керек. Келечекте биздин бирдиктүү ишибиз уланат жана жаңы мазмуундарга ээ болот деп толук ишендире айта алам. Биздин биргеликте аткара  тапшырмабыз  ИИОну реформалоо, терроризмге жана диний экстремизмге, уюшкан жана улуттар аралык кылмыштуулукка, баңги ишкерлигине каршы күрөшүү, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоо, эң башкысы калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп эсептелет”,-деп куттуктоо сөзүндө министр Улан Ниязбеков билдирди.

Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан Улан Ниязбеков журналисттерге иштерине ийгиликтерди, бекем ден соолукту каалат өттү.

“Бардык ички иштер органдарынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерге кесипкөйлүк, жарандык көз карашаңар, талыкпас эмгегиңер, жогорку жоопкерчилигиңер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.Журналисттер күнүн жалпы  элдик майрам деп атасак жаңылышпайбыз. Заманбап коомду маалыматсыз, аны берүүнүн каражаттарысыз, биздин күнүмдүк жашоодо болуп жаткан окуяны жана фактыларды профессионалдык көз караш менен чагылдаруусуз элестетүү кыйын. Келе жаткан майрамыңыздарга карата сиздерге калемиңиздер курчуй беришин, окуяларды калыс чагылдарууну жана жаңы чыгармачылык идеяларды каалап каалайм. Сиздердин ар бир ойлогон ой-максаттарыңыздар орундалып, алдыга койгон пландарыңыздар ишке ашсын”,-деп Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости