www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Австрия Республикасынын Федералдык канцлери Себастьян Курцка Венадагы терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппартынын маалымат кызматы билдирди.

«Венада 2020-жылдын 2-ноябрында адам курмандыктарына алып келген теракт жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан терроризмдин бардык аракеттерин кескин айыптайт. Заманбап, ачык коомго түздөн-түз коркунуч келтирген адамдарга карата зомбулукту эч нерсе актай албайт. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу австрия элине кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн тилектештигимди жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуңузду өтүнөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости