www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 5-ноябрында Юстиция министрлигинде сот органдары менен пробация органдары практикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары М.Э. Канулькуловдун жетекчилигинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А.Ш. Сыдыков, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.А. Термечиков тарабынан көрсөтүлгөн сот органдарынын өкүлдөрү, соттук-укуктук реформа боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү - Л.Ч. Сыдыкова жана Г.Р. Маматкеримова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлери менен өттүү.

Тегерек столдо Пробация департаменти соттор менен практикалык иш-аракеттенүүдө келип чыккан маселелер талкууланды. Атап айтканда, пробациялык баяндамаларды дайындоо жана даярдоо маселелери, пробация органдарынын компетенциясына кирген сот актыларын аткаруу жана башка маселелери. Тегерек столдун аягында бир катар көйгөйлүү маселелер чечилди жана катышуучулар ушул эле форматта башка маселелерди талкуулоону улантууга сунуш кылышты Белгилей кетсек, тегерек стол Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча 2020-жылга иш-чаралар планынын 3-пунктун аткаруу максатында өткөрүлдү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости