www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер министр ИИМдин өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басарларын тааныштырды.

Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү ице-премьер министри Максат Мамытканов менен өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары өздүк курамга ички иштер министринин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоевди тааныштырды.

"Аталган орун басарлар премьер-министрдин буюрутмасы менен дайындалгандыгын эске салабыз. Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты", - деп жазылат маалыматта.

Октябрь Урманбетов мурда Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген.

Эркебек Аширходжоев ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Ал эми ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болмокчу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости