www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Ташболот Балтабаев менен айрым саясий жагдайлар боюнча баарлаштык.

- Ташболот агай парламенттик жана президенттик шайлоону бир күндө өткөрүү маселеси айтыла баштады. Эки шайлоону бир күндө өткөрүүгө мыйзам жол береби?

- Жол бербейт. Анын эки шайлоону бир күндө өткөрүүнүн да кажети жок. Негизгиси - бүгүнкү бийликти алгандар төңкөрүш жасоо жолу менен келишти. Креслого отургандан кийин мыйзам жолуна түшөлү деп калышты. Үч “попытка” менен араңдап жатып премьерликти мыйзамдаштыргандан кийин дагы бир төңкөрүш жасашты - формалдуу легитимдүү президентти кубалашты. Кыскасы, орустардын макалы бар го "чуть-чуть беременный" дегендей эле болду. Менимче, бийлике келгенде мыйзам талаасынан 180 градуска чыгып бийлике келгенден кийин бүгүнкү чириген башкаруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү жолу менен жаңы мыйзам талаасын түзүп ошого кирүү керек эле.

- Жооптуу кызматтарга дайындалып жаткан кадрлар боюнча кандай пикирдесиз?

- Кадр саясаты боюнча азыр бир нерсе деп айтыш эрте...Биринчи үйдүн пайдубалы чоң жарака келип турса,  дубалы кандай экен деген маселеге окшоп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости