www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60 миллион калкы бар Италияда коронавирустун күч алышына байланыштуу дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн тышкары бардык соода-сатык жүргүзгөн түйүндөр 12-марттан 25-мартка чейин жабылат. Мындай чечимди өлкөнүн министрлер кеңешинин төрагасы Жузеппе Конте жарыялаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Стулья около уличного кафе в ВенецииКартинки по запросу "коронавирус в италии последние новости"

Картинки по запросу "коронавирус в италии последние новости"

Торговый пассаж на Пьяцца Дуомо в МиланеЛестница на Капитолийский холм в Риме

Төрага элге кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалар өз ишин уланта беришин айткан. Учурда Италиядагы кафелер, ресторандар, сулуулук салондору, чач тарачтар убактылуу жабылды.  Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай адатта элге жык-жыйма толуп турган туристтик жайларда жергиликтүү бирин-серин тургундар гана жүргөнүн көрүүгө болот.

 Маалыматка караганда айыл-чарба азыктарын өндүргөн ишканалар мурдагыдай тартипте иштеп жатат. Ал эми компаниялар жумушчуларына коронавирус жугуп калбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүшүүдө.

Кытайга чектеш Монголиядагы бир катар ишканалар коронавирустан улам 16-мартка чейин ишин убактылуу токтотту. Чет элдик басылмалардын айтымында, учурда Монголияда 4 825 ишкана жабылган. Монголияда дагы Италиядагыдай дарыканалар менен азык-түлүк дүкөндөрү иштей бере тургандыгы айтылды.

Картинки по запросу "коронавирус в монголии"Картинки по запросу "коронавирус в монголии"Картинки по запросу "коронавирус в монголии"

Дүйнө жүзүндөгү илдет жайылган өлкөлөрдүн бештигине:

  • Кытай (80 921)
  • Италия 12 462 (бир суткада 2 миң киши жуктурууда)
  • Иран (9 000)
  • Түштүк Корея (7 755)
  • Испания (2 231) 

Германия алтынчы орунду ээлесе (1908 киши), андан кийин Франция (1784) жана АКШ (1100), Швейцария (613) жана Норвегия (598) топ ондукту толуктаса, ошондой эле  Япония (581) да аталган тизмедегилерден айырмасы чоң эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости