www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгилик изинен адашпай келе жаткан эл уулдары

Кандай гана ички иштер бөлүмү болбосун анын ийгилиги, жетишкендиктери өзүнөн өзү жарала калбайт. Ал ийгиликтин пайдубалын түптөгөн, эл менен милициянын ортосундагы ишеним көпүрөсүн бекемдеп, күндүр-түндүр кылмыштуулуктун алдын алып, мыйзам бузуучуларды ооздуктай билгендер - бөлүмдүн мыкты кызматкерлери. Биз төмөндө Талас РИИБдин кесипкөй кызматкерлери менен Сиздерди тааныштырабыз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Артык Юсупов, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты:

«МИЛИЦИЯ МЕН ҮЧҮН РОМАНТИКА…»

Милициянын лейтенанты Юсупов Артык Аманбекович ички иштер органдарындагы эмгек жолун 2010-жылы баштаган. Милицияда бир тараптуу эмес, ар тараптуу болуу керек деген принципти карманган Артык мырза, андай учурда эл менен жакшы мамиле түзө билип, кылмыш да ачыларын айтат. Экстремизмдин алдын алуу багытында мечит, медреселер менен тыгыз байланышта иштеп, кырдаал тууралуу жетекчиликке өз учурунда туура, так маалымат жеткирүү зарыл дейт.

«Спорт болбосо, милицияга келбей калышым мүмкүн эле» деген милициянын лейтенанты, милиция анын көз-карашын өзгөрткөнүн айтат.

Экинчиден, милиция аны окутканын, офицердик кызматка дайындаганын айткан Артык мырза спорттун түрлөрү самбо, кол күрөш, гиря көтөрүү боюнча облуста, республикада Талас РИИБдин атагын чыгарып келет. Милициянын дээрлик бардык кызматтарында өзүн сынап көргөн А.Юсупов, эгер милиция кызматкери өз ишин мыкты билсе, ал эч кандай тоскоолдукка туш болбосун, ар күнү иш кызыктуу болорун кошумчалап, «Милиция мен үчүн романтика» дейт.

Ошол милициянын ишин романтика катары кабыл алып иштеп жүрүү үчүн үйдөгү тыл бекем болушу зарылдыгын кошумчалайт. Өзү шайыр, дүйнөсү романтикалуу лейтенант Артык Юсупов сатира жазганын, сахнада берилип роль аткарганын окурмандарга айта кетпесем такыр болбостур, анткени кызматкерлердин арасындагы мындай таланттарды күндүзү ширеңке менен издеп араң табат эмеспизби. Жашоодогу кайгылуу көрүнүштөрдү, көйгөйдү кайгырып айтсаң жеткире албайсың, аны сатира аркылуу айтсаң жеткиликтүү болот деген милициянын лейтенанты А.Юсупов, учурда ал иштеген ынтымактуу жамаат ийгилик изинде экенин, ал изден адашпай баруу жалпынын тилеги экенин кошумчалады.

артык

Кубаныч Ашыралиев, Милициянын улук аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны

КУБАНЫЧ - ДИНАСТИЯНЫН УЛАНТУУЧУСУ

Милициянын капитаны Кубаныч Аширалиевдин милицияга кантип келип калганынын себебин тактоонун кереги жок, ал-династиянын улантуучусу. Чоң атасы, акелери укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгондуктан, Кубаныч тээ балалык кезинде эле илинип турган форманы өзүнө «ылайыктап» кийип көрүп, өзүн бул кызматка даярдап келген десек болот. Орто мектепти аяктаган соң Республикалык окуу борборуна тапшырат.

«2004-жылдын март айында биринчи жолу форма кийгеним эсимде,-дейт өткөндү эскерген Кубаныч,-форма өзү менен кошо мага кандайдыр бир жоопкерчиликти мойнума илгендей болду. Баскан-турганыма, формамдын сырткы келбетине анан өзгөчө көңүл бура баштадым…»

Эмгек жолун күзөт кызматында баштаган К.Аширалиев, 2006-жылы ыкчам аракеттенүүчү отрядда да өзүн сынап көрөт. 2008-жылы аймактык тескөөчү болуп дайындалып, эл менен иштөөгө аттанат. Айыл өкмөтү менен тыгыз иштөөнү колго алган милициянын аймактык өкүлүнө айыл өкмөтү күйүүчү май жагынан жардам берип турат экен. Эл менен иштөөдө колдон келген жардамыбызды аябашыбыз, эч качан жарандардын көңүлүн калтырбашыбыз керек деген К.Аширалиев, ак эмгек эч качан унутулбай, кези келгенде эл баалап-барктап аларын айтат. Өзү тейлеген Берен айылынын эли урматтап турган милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, өзүн ушул айылдын кулуну катары сезип калганын айтып жылмайып алды. Албетте, эл ичинде өз адамга айлана билген кызматкер-ал ийгилик жолундагы кызматкер экени талашсыз эмеспи…

куба

Шахназар Базарбаев, Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты:

«ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖАН ДҮЙНӨСҮНӨ СҮҢГҮЙ БИЛҮҮ КЕРЕК»

Талас РИИБдин мыкты кызматкерлеринин катарында милициянын ага лейтенанты Шахназар Базарбаев да бар. Шахназар өзү ушул райондун кулуну. Орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Бишкектеги Юридикалык академияга окууга тапшырган. Окуусун аяктаган учурда кайсыл кызматка барууну ойлонгон биздин жигит милицияны тандаптыр. Тандаптыр да, Республикалык окуу борборунан даярдыктан өтүптүр. Эмгек жолун күзөт полкунан баштаган Ш.Базарбаев, Чүй ОИИББнын Кайгуул-күзөт кызматында, Сокулук РИИБде аймактык тескөөчү кызматтарын аркалайт. 2016-жылдан бери Талас РИИБде жаш өспүрүмдөрдү тарбиялап келүүдө.

Аймактык тескөөчү болуп иштеп жүргөн кезинде жашы жете электер менен иштөө оңойдой сезилгенин айтат кеп арасында каарманым. Бирок иш жүзүнө келгенде бул кызматтын татаал экенине көзү жетип, өспүрүмдөр менен иштөөдө жоопкерчилик өтө чоң экенин сезет. «Азыркы өспүрүмдөр менен тил табышуу өтө кыйын, -дейт иши тууралуу Шахназар, -аларды катуу уруша албайсың, жөн гана өспүрүмдүн тилин таап, анын жан дүйнөсүнө сүңгүй билишиң керек. Мыкты психолог, мугалим да болушуң керек бул иште…».

Шахназар улук тескөөчү болгондуктан, ал кол алдындагы беш тескөөчүнүн көзөмөлгө алып, алар аткара турган иштерге багыт берип келет. Жоопкерчилиги да ошончолук чоң. Тарбия-тартип маселесинде мугалим менен милиция бирдиктүү иш алып баруусу жакшы жыйынтык берерин айткан Ш.Базарбаевди алдыда дагы ийгиликтер күтүп турат деп ишенебиз.

шахназар

Ырысбүбү Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости