www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Ичеги-карынды ыргытпа! Экспортко кетет...

Бүгүн кыргызстандык "Аталык Групп" компаниясы менен кытайлык "Биржа цифровых активов Централ Эйжа Интернешнл" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кеңешчиси Асылбек Исаков, Ысык-Ата райондук, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Кытайлык компания өтө уникалдуу иштерди жасайт экен. Алардын иш планында Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүүгө салым кошуу, кыргыз картошкасын, алмасын, гиласын Кытай рыногуна чыгаруу жана эң кызыгы тооктордун ичеги-карды, шыйрагынан бери экспорттоо бар. Тооктун ичеги-кардынан кытайлар ааламда жок биокошулмаларды, деликатес тамактарды жасап, тамшанып жешет экен.

Ошондой эле уй этин сүрсүтүп, кургатып экспортко чыгаруу пландары бар.

Баса: компанияда учурда иштеп жаткан кытайлар Кытай жаңы жылына кетпей, бул жакта калып калышкан экен. Бизден короновирус жукпайт деп сөз башында эле эскертип алып, анан сөз башташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости